25-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

25-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16,

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 6…11,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16,

Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10,

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 13…15° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бөлүшүү