Америкалык ырчы Бритни Спристи психиатриялык ооруканадан үйүнө кое беришкен. Ооруканадан чыкканда ырчыны көргөн күйөрмандары таӊ калып, шок абалында калышкан.
Белгилей кетсек, апрель айынын башында эле ырчынын психиатриялык ооруканага жаткырылып, дарыланып жатканы маалым болгон эле.
https://twitter.com/drugproblem/status/1120377185355698179?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1120377185355698179&ref_url=https%3A%2F%2Fwww.nur.kz%2F1790606-britni-spirs-uzasnula-fanatov-vnesnim-vidom-posle-psihbolnicy-foto.html
Бул дарыланууга анын атасы Джейми Спирс себепчи. Ал кызынын каршылыгына карабастан ооруканага жаткырып койгон. Анткени, ырчы тыюу салынган бангизаттарын колдонуп баштаган.
Психиатриялык ооруканадан аны сүйүктүүсү Сэм Асгари алып чыккан.
https://www.instagram.com/p/Bwj4X2lgvH8/?utm_source=ig_embed
«Тартылып алынган сүрөттөрдөн ырчы айланасында эмне болуп жатканын түшүнбөй жатканы байкалууда» деп жазып чыгышты анын күйөрмандары.
The #FreeBritney protest is happening right now outside West Hollywood City Hall pic.twitter.com/S60ZQIEYmf
— Greg W (@gregw_dj) April 22, 2019
Белгилей кетсек, ырчынын жүрөк ооруткан абалы анын күйөрмандары арасында нааразылык акциясын уюштурууга да себепчи болгон. Алардын айтымына ылайык, Бритнинин атасы кызын зордоп ооруканага жаткырып, аны кыйын абалга душар кылууда.
https://twitter.com/Daniel_B6/status/1120478527604834307?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1120478527604834307&ref_url=https%3A%2F%2Fwww.nur.kz%2F1790606-britni-spirs-uzasnula-fanatov-vnesnim-vidom-posle-psihbolnicy-foto.html
Бул акцияны ырчынын апасы да колдоп, социалдык тармактарда #FreeBritney хэштеги менен чыккан маалыматтарды жактырып жатат.