ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Автор -
289

Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат,- деп ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жааган жамгыр карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

25-27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

26-28-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Бишкек—Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223- жана 246-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.