27-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

27-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 16…18 градус болот.