Дем алыш күндөрү өлкө аймагында кандай аба ырайы күтүлөт?-синоптиктердин жообу

Автор -
242

ӨКМ 1-майга  чейин Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы туралуу маалымат таратты.

 27-апрелде түнкүсүн  көпчүлүк аймактарда  мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-апрелде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү, биийк тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

30-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 30-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-майда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор  тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

2-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-майда күндүз жана  3-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

28-29-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

28-29-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрге чейин жетет.