Казакстандагы оппозициячыл партия президенттик шайлоого байкот жарыялады (видео)

Автор -

26-апрелде “Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы” (ЖСДП) курултайга чогулуп, 9-июнда өтө турган президенттик шайлоого байкот жарыялады.

Жума башында Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого аталган партиянын атынан катышуу ниетин билдирген журналист Ермурат Бапи өз талапкерлигин алып салды.

Ал 26-апрелде партиянын Алматыдагы съездинде делегаттардын көбү шайлоого байкот жарыялоо ниетин билдиргенин айтты.

Өзүн оппозициячыл катары сыпаттаган “Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы” 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо жети пайыздык бөгөттөн өтө алган эмес. Партия 1,18 пайыз добуш менен бешинчи орунду алган.

ЖСДП – Казакстанда расмий түрдө каттоодон өткөн жети партиянын бири. Азыркы мыйзамдарга ылайык, талапкерликке өзүн-өзү көрсөтүүгө тыюу салынган, аларды республикалык коомдук бирикмелер, саясий партиялар гана сүрөй алат. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 10-апрелде башталган, 28-апрелде аяктайт. Талапкерлерди каттоо 11-майга чейин уланат.

Бөлүшүү