Леонардо Ди Каприо тууралуу кызыктуу фактылар

Автор -
570

«Бала чагынан эле куудул болгон…»

Leonardo Wilhelm DiCaprio 1974-жылы 11-ноябрда АКШ-да жарык дүйнѳгѳ келген. Ал үй-бүлѳсүнүн жалгыз уулу. Мектеп жашында эле ѳтѳ зээндүү, эс тутуму жакшы бала болгон. Ал кичинекейинде эле ата-энесин, коңшу-колоңдорун, мектептеги курдаштарын туурап элди аябай күлдүрчү дешет. Мындай ѳнѳрү анын дүйнѳ жылдызы болуусуна алгачкы шартты түзгѳн. Ал негизинен комедия жанрын абдан жакшы кѳрѳѳрүн ар дайым айтат. Бирок ага карабай, дүйнѳ элдери аны бардык жанрды мыкты аткарган актер катары таанышат.

«Атактуулук «Титаник» тасмасындагы каарманындай эле кокустук менен келген» 

 Ал 1990-жылдардын башында телевизиондук жарнактарда тартыла баштаган, кийинчерээк актер «Санта-Барбара» жана «Чоңдордун зор маселелери» сыяктуу ар түрдүү телесериалдарда мыкты образдарды жараткан. Ди Каприо биринчи жоопкерчиликтүү жана чоң ролун «Макулуктар 3» тасмасында аткарган. Актер «Гилберт Грейпти мүңкүрѳткѳн эмне?» деген тасмада экинчи план-дагы ролду аткарганы үчүн алгачкы даражалуу сыйлыкка ээ болгон. Анын атын ааламга тааныткан кино Жеймс Кэмерондун «Титаник» тасмасы. Аталган тасмадагы ролу аркылуу миллиарддаган күйѳрмандарды таба алган. Кезинде актерду кѳрүү үчүн ал барган жерлерге 5 ай мурда чакыруу же билет алып даярданышкан. Күйѳѳрмандарынын кѳбү айымдар болгон. Ал кайсы бир басма сѳзгѳ берген маегинде турмушта да кинодогудай эле кокустуктан атактуулукка жеткендигин айткан.Картинки по запросу лео ди каприо

«Дүйнѳ жылдыздары эңсеген Оскар сыйлыгына эрте жашында эле жеткен…»

2000-жылдан баштап актер ар түрдүү жанрлардагы тасмаларда аткарган ролдору кино сынчылар тарабынан жогору баалана баштаган. Ди Каприо тартылган кийинки тасмалар: «Темир маскачан адам», «Кармай алсаң мени карма», «Нью-Йорк бандалары» тасмалары. «Асман кожоюну» аттуу тасмада Говард Хүзду жана «Аман калган» аттуу тасмада Ху Гластын ролун аткарганы үчүн актер «Алтын глобус» сыйлыгынын «Драма жанрындагы эң мыкты актер» номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Ал эми «Уолл-стрит карышкыры» тасмасында аткарган ролу үчүн актер ушул эле сыйлыктын «Мюзикл же комедия жанрындагы эң мыкты актер» номинациясына ээ болгон. Актер ѳзүнүн биринчи «Оскар» жана ВАFТА сыйлыктарына «Аман калган» тасмада аткарган ролу менен татыган.Картинки по запросу лео ди каприо

«Жеке турмушун сыр сактаганга аракеттенет»             

Жеке турмушу тууралуу так маалымат берүүдѳн ар дайым качат жана ачыкка чыгаргысы келбейт. Бирок ошого карабай актердун жеке турмушун андыгандар атактуу айымдар менен болгон мамилесин, үй-бүлѳсүн ар дайым изилдегенден тажашпайт. Актер «Жашоодо дагы «Титаник» тасмасындагыдай сүйүүгѳ кабылууну кыялданчумун» — дейт.Картинки по запросу лео ди каприо

Булак: «Фабула Пресс» гезити. 26-апрель. 2019-жыл.