29-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 21…23° болот.