30-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

30-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 30-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 10…14,

Таласта түнкүсүн 1…3, күндүз 9…12,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…8, күндүз 12…16,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…4, күндүз 8…10,

Нарында түнкүсүн 1…3, күндүз 7…9,

Бишкек шаарында жаан-чачын жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…9°, күндүз 10…14° болот.

Бөлүшүү