Кытай Назарбаевди «Достук» ордени менен сыйлады (Видео)

Автор -

28-апрелде Кытайдын башчысы Си Цзиньпин Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, аны “Достук” ордени менен сыйлады. Кытайда “Достук” ордени – чет өлкөлүк жарандар үчүн эң жогорку мамлекеттик сыйлык.

Назарбаев Си Цзиньпин менен кездешүү учурунда “өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну ушундай жогору деңгээлге жеткирүү үчүн иштедим” деп айтты.

Казакстандын мурдагы президенти “Бир алкак – бир жол” саммитинин учурунда “жаңы геосаясий реалдуулук” түзүүнү сунуштады.

“Бир алкак – бир жол” саммитине 37 мамлекеттин башчысы катышты. Иш-чара триллион долларга бааланган Кытайды ири инфраструктуралык долбоорун ишке ашырууга арналган. Анын алкагында Кытай менен Африка өлкөлөрүн, Европа жана Азиянын айрым аймактарынын энергетикалык инфраструктурасын, темир жол жана деңиз каттамдарын жакшыртуу пландалууда.

Ошол эле учурда Кытайдын дымактуу демилгесине чочулоо же атаандаштык маанайында сын айткандар да бар. АКШ жана Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү Бээжин өнүгүп келаткан өлкөлөрдү насыя тузагына түшүрүүнү көздөп жатат деп күмөн санашат. Кытай андай ниети жоктугун билдирип келет.