Турсунбек Акун кантип «дүжүргө» айланды?

Автор -

Эсиӊерде болсо, Атамбаевдин аппарат жетекчиси болуп турган Нарынбаевге кадимки Турсунбек  Акун кантип «сүйүүсүн» арнаганын. «Кудайды караса болбойбу» деп канчасы жерге түкүрдү. Ошондо эле Тукебиздин экинчи бет кабы сыйрылып, жарыктык киши бийлик дегенде эт-бетинен кетээрин айда бир ырастаса, Акыйкатчылыгын өткөрүп бербей, «өлүп берем» дегенге чейин барып, ачкачылык жарыялаганда дагы бир тастыктады.

Ал ортодо Батукаевди качырып ийдиӊ тейде капсалаӊ уюштурулуп, кимдин этегине кирип кетээрин билбей, «тигил жака» кирип кете жаздап барып токтоду. Айтор, акыйкат айтымыш этип, ар кимдин этегине намаз окуган жактан, билгенге Турсунбек  Акунга эч ким жетпейт. Кыргызга биринчи өзүӊдү жаманда, анан бирөөнү  жаманда, ал жерде адилеттик бар деп түшүнөт. Тукебиз дал ушул методду абдан колдонот. А бирок, акыры чындык чыгат.

Акундун акыркы кадамдары анын айкын күбөсү. Кечээ, басма булактарынын бирине маек берип жатып, азыркы өкмөт башы Абылгазиевди аябай мактап: «буга чейин мындай өкмөт болгон эмес, баарын жакшы алып баратат, ишенимдүү, ал турсун мында Президент болом деген амбиция жок» — деп, ээринен шыпырылып бараткан «кочкорлук укасын» колтугунан түртүп, жогорку жака ишарат келтирди.

Акунга эл, жер, абийир, намыс деген эмес, Абылгазиевдин ээрде олтурганы керек экен. Амбициясы жок жетекчинин кимге кереги бар эле? Амбициясы жок болгон үчүн чек арабыз чечилбей, картошкабыз чирип, элибиз ээндеп кетти. Анан кайдагына айтьш, Акун акыл айтып, саясатты тереӊдетсе кыйналган элдин атынан бир ич күптүнү чыгарып койгун келет экен.

Булак: «Факты.kg» гезити. №17 (17). 30-апрель, 2019-жыл.

Бөлүшүү