Үйдө тынчтык болушу үчүн кайнене менен келиндин мамилеси кандай болушу керек?-пайдалуу кеӊеш

Автор -
3933

Кайнене менен келиндин ортосундагы пикир келишпестик маселеси жаңы кѳрүнүш эмес. Илгертен эле келин кайненеге болгон, ал эми кайнене келинге болгон нааразычылыктарын билдирип келишет. Ал эми кимиси туура экенин аныктоо абдан кыйын. Анткен менен бир үйдѳ түтүн булатып жаткан соң ар биринин милдеттери жана ѳзүнѳ тиешелүү жоопкерчиликтери бар эмеспи. Үй-бүлѳдѳ тынчтык жана сүйүү орношу үчүн келин да, кайнене да ѳз милдеттерин, ордун билүүсү абзел.

Кайненеӊиз кайсы түргө кирет

Дүйнѳлүк белгилүү психологдор атайын изилдѳѳ жүргүзүп кайнененин негизги түрлѳрүн аныктап чыгышкан. Тилин табыш үчүн адегенде кайнене кайсы түрүнѳ кирээрин аныктап алып, анан ошого жараша мамиле кылыш керек.

Курбу-кайнене — Жаш, турмушта  тажрыйбасы жок келинине мыкты кеңешчи. Ѳтѳ жабышып, курулай тажата бербейт. Керектүү учурда жакшы энциклопедия. Андан ашканын сырларынан баштап эркекке кандай мамиле жасоо керектигине чейин билсеңиз болот. Адатта мындай кайненелер тамашакѳй, ачык-айрым келишет. Эгер ушул түрүнѳ туш болсоңуз сиздин бактыңыз тоодой.

Атаандаш-кайнене -Тапкан ташыганын, жаштыгын баласынын  тарбиясына жумшап ага дээрлик бүт ѳмүрүн арнаган эне. Мындай кайнененин түрү жалгыз бой аялдарда кѳп кездешет. Ага бүт ѳмүрүн арнаса анан кийин кайдан-жайдан жаш келин келип анын үйүнѳ ээлик кыла баштаса ал үчүн кыйын кырдаал жаралат. Келинине болгон кыжыры күчѳп ага атаандашканга ѳтѳт. Баласынын кѳзүнчѳ басынтып, бул үйдѳ ким кожейке экенин баса белгилегенден да кайра тартпайт. Келинин кылган оокатына, баскан-турганына оңой менен ичи жылыбайт.

Тынчы-кайнене — Жаш жубайларды андыгандан тажа6айт. Келини эмне кылып жүрѳѳрүн шимшилегенди адатка айландырат. Уул-келини эмне тууралуу сүйлѳшүп жатканын  тыңшап туруу ал үчүн катардагы кѳрүнүш болушу мүмкүн. Жогорудагыдай жоругу келин үчүн абдан эле жагымсыз болот. Барынан кабардар болгусу келген кайнене уккан-кѳргѳнүн келинине каршы колдонушу мүмкүн.

Ишкер-кайнене — Карьераны биринчи орунга койгон келин менен иши жок кайнене. Ач кулактан тынч кулак деген кайнене кири жуулдубу, баласы тамак ичтиби, үй жыйналдыбы кѳп деле кызыкдар эмес. Келин мындай учурда ѳзү кожейке катары толук эркиндикте болот. Кайненем эмне дейт деп заарканбай каалаган тамагын жасап оокатын кыла алат.

Башкаруучу кайнене — мындай кайненелер бардык жагдайды ѳз кѳзѳмѳлүндѳ кармагысы келгендер. Кечки тамакка эмне бышыруудан баштап келини Кандай халат алат ошого чейин кѳзѳмѳлдѳгүсү келет. Жаш жубайлардын ар бир ишине мурдун тыгып кийлигишип атканын ѳзү байкабайт. Балдарына ѳзүнѳ жаккан кызды алпермейин жандары жай албайт. Келиндери ар бир жумушту кайненесинен уруксат алып жасоого туура келет.

Тили заарлар — Кээ бир кайненелер чучукка жеткен ачуу сѳз менен тилдейт. Анысы аз келгенсип, сѳз арасында келиндин тѳркүнүнѳ да асыла кетет. Бул туура эмес жорук. Мындайларга же башында каяша айтып ордуна коюп коюу керек же кулакты жапырып, сүйлѳнүп баштаганда ичиңизден ырдап такыр көңүл бурбоо керек. Жүрѳгүңүзгѳ жакын кабыл ала берсеңиз турмушуңуз болбой калышы мүмкүн.

Кулагыӊызга күмүш сырга

—Энеде күйѳѳгѳ тийген балам жакшы, анан аны ѳстүрүп тарбиялаган мен жаман болуп каламбы деген таарыныч күч болот. Жолдошуңузду сүйсѳңүз кайненени да ошондой деңгээлде жакшы кѳргѳндү үйрѳнүңүз. Мейли тыңчы, атаандаш, жеткен каардуу болсун. Ал сиздин жолдошуңузга татыктуу тарбия берди. Жок дегенде ошонусуна ыраазы болуңуз.

—Ѳзүм билемдикке салып анын үйүнѳ ээ болуп кайненени тѳргѳ отургузганга шашпаңыз. Кээ бир кайнене тиричиликте кошо кармашып оокат жасашат. Бирѳѳгѳ жагат, экинчи келин илешпей отура бербейби деп жаман кѳрѳт. Унчукпай анын берген жардамын жакшы кабыл алыңыз. Тескерисинче жакшылап байкап, кайненеңиз кандай оокат кылып жатканын кѳрүп, үйрѳнүп алсаңыз да болот.

—Кайненеге чын жүрѳктѳн жакшы мамиле жасап, ага белек бергенди адатка айландырсаңыз болот. Ар кандай кеңеш сурап аны менен мамилени тыгыз кармаганга аракет кылыңыз. Эгер бѳлѳк жашасаңыз бат-бат телефон чалып ден-соолугунан, жашоосунан кабар алып турган да ашыкча болбойт.

—Апаң ушинте берет, мен сүйлѳсѳм эле жактырбайт деген сѳздѳр жолдошуңуз үчүн эң жагымсыз нерсе. Сизди кандай сүйсѳ апасын да сизден кем эмес жакшы кѳрѳѳрүн эстен чыгарбаңыз. Кулагынын кужурун алып кайненеңизди жамандай берсеңиз акыры ал экѳѳңүздүн бирѳѳсүн тандоого аргасыз болот. Анча-мынча кайненеге болгон таарынычты ичке жутуп ортодо жолдошуңузду чайнабай эле койгон оң.

—Кыргызда «тѳркүнүңѳн сѳз ташыбай тѳш ташы» деген жакшы сѳзү бар. Кайненени ѳз апаңызга жамандап, ага арманыңызды айтып наалыганда ѳзүңүз үчүн эки зыяндуу нерсе табасыз. Биринчиси, апаңызда ашыкча санаа, кудагыйына болгон жек кѳрүү ѳсѳт. Экинчиси, эртели-кеч ал сѳз ортого чыкса кайненеңиз сизди мурдакыдан да жаман кѳрүп калат. Андыктан ѳз үйүңүздѳгү уруш-талаш, кайчы пикирлер сыртка «саякаттап» кетпей ошол жерде калуу керек.

 Барган жериңизден бак таап, алтын келин аталгыңыз келсе психологдордун назар салыңыз:       

• Билбегендериңизди сураңыз,уялбаңыз.

  • Кайненеңиздин жактырган тамагын жасап берүүгѳ аракет жасаңыз.
  • Жолдошуңуз менен кайненеңиз сизди күнѳѳлѳп жатсада акырына чейин сабыр кылып күтүңүз. Балким маселенин тамыры таптакыр башка нерседе.
  • Кайненеңиз менен мамилеңиз жакшырсын десеңиз, себепсиз белек берүүнү үйрѳнүңүз.
  • Үй жумуштарын так аткарууга аракет жасаңыз. Бардык ишти так, майын чыгара аткарыңыз.
  • Алгач ѳзүңүздү сыйлоону үйрѳнүңүз, ошондо ѳзгѳнү да урматтоого кѳнѳсүз.
  • Кайненесин жактырбаган кыз-келиндер биринчи ирет ѳз каталарын ойлоп кѳрүшү керек, мүмкүн мен туура эмес жасагандырмын деп.
  • Унутпаңыз, эч кайсы кайнене келиним жаман болсун дебейт.
  • Кетирилген каталарды оңдоого аракет жасаңыз, балким кайненеңиз да ѳз катасын түшүнѳѳр.
  • Кек сактабай, кичипейил болуңуз.
  • Жакшы келин болуу үчүн кайнененин айтканын айткандай жасоо гана жетиштүү.
  • Кечиримдүү болуп, дайым жылмайып турсаңыз жеңиш сиздики. Мындай ыкма менен кандай кырдаал болбосун оңой чыгып кете аласыз.
  • Эң негизгиси сиз барган үйдүн коломтосундагы отту ѳчүрбѳѳ сиздин милдетиңиз экендигин эске алыңыз.
  • Барган-жериңизден бакыттын жыты уруп турушу сиздин колуңузда.
  • Кайненеңиздин кѳзүнчѳ күйѳѳңүз менен урушпаңыз. Анткени баласына жан тартып, сизди жаман кѳрүп калышы ыктымал. Жолдошуңузга да айта турган нерсесин эл жок жерде айтуусун сураныңыз.
  • Кайненеңиз да бир убакта сиздей келин болгонун, сиз да бир убакта кайнене болоруңузду эстетиңиз. Кийин уул-кызыңыздан жылуу мамиле кѳргүңүз келсе, улууларга жакшы мамиле кылуу керек экенин эстен чыгарбаңыз.

Кайнененин милдеттери:

Алгач үйдүн ички тартиби менен тааныштырып,тиричиликти жѳнгѳ салууну сабырдуулук менен үйрѳтүү;

  • Үй-бүлѳ мүчѳлѳрү, тууган-туушкандары менен тааныштыруу;
  • Жаңы алган келинди кѳшѳгѳдѳн бат эле чыгарып, ага ашканадагы жүктү арта салбоо;
  • Баласына келинди баскан-турганынан ѳйдѳ жѳнү жок жамандап, ортодо уруш чыгаруудан алыс болуу;
  • Туура эмес жасап алган жумуштарын үйрѳтүү, эскертүү менен тарбиялоо;
  • Ар кандай абалда сабырдуу, кѳрѳгѳч, кыраакы жана адилет кѳз карашта болуу;
  • Ѳзүнүн үйүнѳн ошол үйгѳ келин болуп келген кыз сиздер үчүн жараткандын аманаты;
  • Ѳз баласынын айыбын жашыргандай келиндин да кемчиликтерин жашыра билүү.
  • Жумшак жатканда буйрук ирээтинде эмес,балдарына кайрылгандай жумшак кайрылуу.

Булак: «De-facto» гезити. 19-апрель. 2019-жыл.

Бөлүшүү