Шыкмаматов: Сот жогору жактын буйругу менен чечим чыгарды (видео)

Автор -

Бүгүн сот адам укуктары сакталбаганын, сот реформасы жүрбөгөнүн далилдеди. Мындай пикирин «Азаттыкка» «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Сот мыйзам, Конституция менен эмес, абийир менен эмес, саясий конъюнктура менен чечим чыгарды. Сот бүгүн дагы мыйзамдар иштебегенин, адам укугу сакталбаганын жана сот реформасы жүрбөгөнүн далилдеди. Текебаев, Чотонов, Жапаровдун иштери саясий, резонанстуу, коомчулуктун көңүлүн бурган, эл аралык институттарда каралып жатат. Бүгүнкү күнү сот мыйзамга баш ийбей, жогору жактын буйругу менен өкүм чыгарганын далилдеди. Бул саясий топтун чечими», – деди Шыкмаматов.

Бүгүн, 3-майда Жогорку сот абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкүл Чотоновдун ишин карап, мурдагы инстанциялардын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырып, бирок конфискация боюнча бөлүгү алынып салынсын деп өкүм чыгарды.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан.

Жаңы мыйзамдардын ишке киришине байланыштуу «Адилет» укуктук клиникасы быйыл 15-февралда ишти кайра кароо өтүнүчүн Жогорку сотко жолдогон. Бул боюнча биринчи отурум 23-апрелде өткөн. (KR)

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү