Бишкектин айрым райондорунда эки жумага газ өчөт

Автор -

Бишкектин айрым райондорунда эки жумага газ өчөт. Бул тууралуу  «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы билдирет.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы боюнча газ колдонуучуларды маалымдайт:

— 8-майда Ош шаарынын С.Ибраимов, Айтмаматов, Атаев, Ленин көчөлөрүндө;

— 13-24-майда Бишкек шаарынын Л.Толстой, Алыкулов, Ахунбаев, Садыркулов көчөлөрүнүн кесилишинде; “Кока-Кола” ЖЧКда, Лущихина көч., “Шоро” ЖЧКда, Гагарин көчөсү, Жумушчулар шаарчасында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү