Ош облучунда төрт тамдын чатыры өрттөндү

Автор -

Ош облусунун Кара-Суу районудагы Жаңы-Турмуш айылынын Ибн Сина көчөсүндөгү турак үйлөрдүн чатырлары күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ басма оз кызматы билдирет.

Мекеме брегне маалыматка ылайык, бир үйдүн 64 чарчы метр чатыры, экинчи үйдүн 200 чарчы метр чатыры, үчүнчү үйдүн 200 чарчы метр чатыры жана төртүнчү үйдүн 165 чарчы метр чатырлары күйгөн.

Өрттүн натыйжасында үйлөрдүн жалпы 629 чарчы метр жыгач устундуу тунуке жабылган чатырлары күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу болжолдуу себеби – электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу (электр зымдарынын кыска туташуусу).

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү