Кыргызстанда экс-президенттерди жоопкерчиликке тартуу мыйзамы кабыл алынды

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков «»Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

2018-жылдын 3-октябрында Жогорку соттун Конституциялык палатасы «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» мыйзамдын 12-беренесинин Конституцияга шайкеш келер-келбесин карап чыкан. Конституциялык палата бул ченем Баш мыйзамдын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнө, тактап айтканда экс-президент ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуунун жол-жобосу караштырылбаганы үчүн карама-каршы келет деген чечим чыгарган.

Парламент экс-президенттин ишердүүлүгү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү иштеп чыккан. Бир жылдай созулган талкуулардан кийин аны Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алган. Анда экс-президенттин кол тийбестигин алуу кызматтагы мамлекет башчысыныкындай эле татаал жоболор менен ишке ашырылаары жазылган. Бул мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык иштелип чыкты. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөн соң күчүнө кирет. Кыргызстандагы мурунку президенттердин арасынан Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев экс-президент макамын алган.

Бөлүшүү