Премьер-министр МТБМК төрагалыгына Дастан Догоевди сунуштады

Автор -

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады.

Маалымдама: Өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр президентине бош кызматтык ордуна Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

Президент Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө өкмөттүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү