Казакстан кыргыз картөшкөсүн, алма жана курма ташууга тыюуну алып таштады

Автор -

Казакстандын Айыл чарба министрлиги 2019-жылдын 22-майынан тартып кыргыз азыктык жана үрөндүк картошка, алма, курмасын ташууга тыюуну алып салды.

Эскертсек, убактылуу карантиндик фитосанитардык чаралар 2019-жылдын 19-февралында казак тарап аркылуу киргизилген.

Бул чечим 2019-жылдын 28-февралында Нур-Султан шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Казакстандын премьер-министринин орун басары Женис Махмудулы Касымбектин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кол коюлган протоколдун жана карантиндик фитосанитардык көзөмөл маселелери боюнча жол картасынын жыйынтыгында кабыл алынды.

Өкмөт делегациясы Казакстанга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен учуп кеткен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү