Назарбаевге Түрк кеңешинин өмүр бою президенти деген наам ыйгарылды

Автор -

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк кеңешинин өмүр бою президенти деген наам ыйгарылды. Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматтарга караганда, демилге Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга тиешелүү. Аны Түрк кеңешине мүчө бардык өлкөлөрдүн лидерлери колдогон. Наам Нурсултан Назарбаевдин түрк дүйнөсүнүн биригишине жана түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциялык уюмунун түзүлүшүнө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Коңшу өлкөнү 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев быйыл мартта кызматынан кетерин жарыялап, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Сенаттын спикери Токаевге өткөн.

Бөлүшүү