Ташкенттин тургундары SpaceX компаниясы учурган спутниктерди видеого тартып алышкан (видео)

Автор -

Ташкенттин тургундары бир нече күн мурда Илон Масктын SpaceX компаниясы космоско учурган 60 спутникти видеого тартып алышкан.

26-майга оогон түнү Ташкенттин жашоочулары Илон Масктын SpaceX компаниясы учурган 60 спутникти көрүп, айрымдары аларды видеого тартып, интернетке жарыялаган.

Бул күндөрү SpaceX спутниктерин дүйнөнүн башка шаарларынан дагы көрүүгө мүмкүн болгон. Алардын ичинен Нидерланддын жашоочулары спутниктерди эң мыкты сапатта видеого тартып алышканы айтылууда.

SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета ташыгычы Канаверал булуңундагы космодромдон 24-майда учурулган. Жыйынтыгында бардык 60 Starlink спутниги 440 чакырым бийиктиктеги орбитага ийгиликтүү жеткен. Илон Масктын пландарына ылайык, бул спутниктер бүткүл дүйнө жүзүн интернет менен камсыз кылышы керек.

Азыркы тапта бардык 60 спутник тең интернетке туташтырылган.

Бөлүшүү