30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35,
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 32…37,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус болот.
Борбор калаабызда жаан чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 32…34 градус болот.