Кыргызстандын эмгек рыногунда суроо-талап эң жогору 10 адистик (тизме)

Автор -
219

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан эмгек ресурстарынын суроо-талабын божомолдоо ыкмасынын негизинде 2018-2022-жылдарга карата адистиктердин суроо-талап картасы жаңыланды.

Талдоонун жыйынтыгы боюнча эмгек рыногунда артыкчылыктуу жана суроо-талап жогору адистиктер катары бул мезгилде өнөр жай, билим берүү, курулуш, айыл чарба, медицина тармактары болот.

Бүгүнкү күнү суроо-талап жогору 10 адистикке төмөнкүлөр кирет: маалыматтык коопсуздук, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму, тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы, технологиялык машиналар жана жабдуулар, медицина, менеджмент жана маркетинг, агрардык инженерия, курулуш, билим берүү.

Ошону менен бирге белгилей кетсек, 2018-жылы кабыл алуу компаниясынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон абитуриенттер төмөнкү адистиктерге жана багыттарга гранттык окутуу боюнча даярдоого кабыл алынган: программалык инженерия, дарылоо иши, продуктулар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу, педиатрия, лингвистика (англис тили), психология, маалыматтык коопсуздук, колдонмо математика жана информатика, медициналык-алдын алуу иши, малдан алынган азыктар технологиясы жана өндүрүшү.

Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүнүп берилет.

Өткөн жылы гранттык орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: компьютердик технология адистиктери – 485, өнөр жай – 425, айыл чарба – 415, саламаттык сактоо – 405, педагогика – 375, курулуш – 260, тоо-кен иштетүү өнөр жайы – 215, гуманитардык адистиктер – 115, башкаруу – 95, транспорт – 90.

Ошону менен бирге кесиптер дүйнөсүндө суроо-талап эң жогору жана кеңири жайылган адистиктер булар: IТ-адиси, долбоорлоочу инженер, окутуучу, юрист, медик, маркетолог, тейлөө кызматы жана эколог кесиптери.

Бөлүшүү