Назарбаевге «ЕАЭБдин ардактуу төрагасы» наамы ыйгарылды

Автор -

29-майда Казакстан борборунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды.

Жыйында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия президенти Владимир Путин Нурсултан Назарбаевге интеграцияга кошкон салымы үчүн уюмдун ардактуу төрагасы деген наам ыйгарууну сунуштаганын билдирди.

Саммит Евразиялык экономикалык уюмдун түзүлгөнүнүн беш жылдыгына карата өтүүдө. Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Армения, Беларустан тышкары жыйынга Тажикстан президенти Эмомали Рахмон келди. Иш-чара Армениянын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Күн мурун Назарбаев Путин менен жолугушуп, ага өзүнүн атындагы орден тапшырган.

Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 19-майда кызматын тапшырган. Ал «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон калды, Назарбаев бул кызматтарда Казакстандын ички жана тышкы саясатын аныктоо боюнча «олуттуу ыйгарым укуктарга ээ».

Бөлүшүү