— Мирлан мырза, өкмөткө келген жаӊы министрлердин айрымдарына ичи чыкпагандар болуп жатат. Мисалы, айыл чарба министри беш жыл орун басар болуп отурган киши, картошка чырына анын да тиешеси бар да. Башка адамдарды алып келсе болбойт беле, же кадрдык дефицит барбы бизде?
— Кадрдык дефицит болгондугун жана туруктуулук жоктугун акыркы бир жылдагы өкмөт курамындагы тынымсыз алмашуулар далилдейт. 2018-жылдын апрелинен бери өкмөттүн 11 мүчөсү өзгөрдү. Бул туруктуулуктун жоктугу. Экинчиден, классикалык бюрократияда иштеген кадрларды адеп эле алып келип жатабыз. Кыргызстан чакан болгондуктан, бизге мобилдүү, жаӊы ыкмалар, жаӊы көз караш менен караган кадрлар керек. Жаш болуунун зарылдыгы жок. Экономика министрлигине жакшы адис келбей жатат. Көп жыл өкмөт курамында ар кандай кызматтарды аркалап келген, бирок, бир да демилге көтөрбөгөн адамдар келатат. Бүгүнкү күндө жаӊы ыкмалар жоктугунан бюджетге да чоӊ көйгөй жаралып, акчалар чогулбай калууда. Жаӊы шарттарды, экономикалык жаӊыча реформаларды жасай турган адамдарды качан алып келебиз? Ушул жагынан өкмөт башчы дагы адашты. Ачыгын айтсам, бул кадрлар менин купулума толгон жок. Бул кишилер иштей алаары көрүнбөй турат.
— «КТ Мобайл» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсүсүз. Комиссиянын жыйыны улам кийингe жылып жатышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. «Көмүскө соодалашyу жүрүп жатабы?» деген сындуу пикирлер бар. Канчалык негиздүү?
— Мен өзүм үчүн жооп берейин. Комиссиянын мүчөсү катары эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Жыйын жылганы техникалык маселеге байланыштуу. Биздин отурум 2-күнү болмок, ал күнү комитет жыйындары болгондуктан, бир да зал бошобой калды. 5-күнгө которулганын төрага жарыя кылды. Ал эми Буга чейин аудитордук текшерүүлөр болду. Сурамжылоолорду кагаз түрүндө жиберип, жооптор алынды. Комиссиядан тышкары эксперттик топ иштеп жатат. Алар бат-бат отурум өткөрүп, жыйынтыктарын чыгарып жатышат. 5-күнкү жыйында дагы көп нерсе ачыкталат.
— 24 млн. сомдун дайыны жоктугу айтылып жатат…
— Комиссиянын ичиндеги маалыматтарды төрага өзү жайылтып туруу милдетин алган. Алдын ала айта албайм. Бул жерде көп иш бар экен. Жыйында баары ачыкталат. Орчундуу да нерселер бар. Өкмөт, «КТ Мобайл» тарабынан айтылып жаткан маалыматтардын айрымдары жокко чыгып жаткан учурлар дагы бар.
Булак: «Азия news» гезити. №21 (308). 30-май, 2019-жыл.