1-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
209

1-июнда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31​

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 31…33° болот.

Бөлүшүү