Кулчулукка кабылган мекендештер

Автор -

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстандан кеткен эркек кишилер кѳбүрѳѳк Орусия жана Казакстанда кулчулукка кабылып, кара жумушка салынат. Ал эми кыргызстандык кыздар кѳбүнчѳ Туркия жана Бириккен Араб эмираттарында сексуалдык кулчулукка туш болуп келишет.

Соңку мезгилде Кытайда да кулчулуктун ар кыл түрүнѳ кабылган кыргыз жарандары бар экен.

Адистер мигранттардын кулчулукка кабылышынын негизги себебин маалыматтын жетишсиздиги, мыйзамды билбегени менен байланыштырып келишет.

Айрым маалыматтарга таянсак, чет ѳлкѳгѳ кеткен аялдардын кѳбү бейформал, кѳмүскѳ иштерде эмгектенишет. Мунун ѳзү кулчулукка, эксплуатацияга алып барат. Себеби, аялдар кѳмүскѳ тармакта иштесе, эч кандай келишим түзүүгѳ укугу болбойт. Айлык акысын да, убактысын да кѳзѳмѳлдѳй албайт. Иш берүүчүлѳр да кѳмүскѳдѳ иштеген аялдын ачыкка чыгышын каалабайт. Мындай абал акыры кулчулук торуна салбай койбойт.

Булак: «Азия news» гезити. №21 (308). 30-май, 2019-жыл.

Бөлүшүү