Сыйлык деген баалуулук дагы саясаттын куралына айланганда…

Автор -
267

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз маданият тармагында сыйлыктарды кароо комиссиясына толугу менен чыгармачыл адамдар ѳздѳрү мүчѳ болуусу зарыл деген пикири билдирүүдѳ.

«Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комиссиясындагы коррупцияны жоюу оңой эле. Болгону ал жакка чыгармачыл адамдардын ѳздѳрүн коюу керек. Кимдин чыныгы талант экенин алардын ѳздѳрүнѳн артык эч ким билбейт. Ошондо гана акыйкаттык менен сыйлык алып башташат. Бизде, тилекке каршы, шайлоодо чуркап « кызмат» кылып койгон, ал сыйлыкка татыксыз, ылайыксыз эле адамдар алып жатышат. Ал эми интеллигенттүү, чыныгы таланттар унукпай отурушат»
дейт, депутат.

Ошондой эле эл ѳкүлү сыйлык алып, бирок унутулуп кеткенден кѳрѳ, мамлекеттик сыйлыгы жок эле элдин эсинде калуу чыныгы таланттуулук деген пикирин кошумчалады.

Булак: «Айгай» гезити. №18 (128). 31-май, 2019-жыл.

Бөлүшүү