4-июнда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
Абанын температурасы:
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28,
Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29,
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 26…28 градус жылыйт.