Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп жаӊы шайланган Дастан Догоев кызматына киришип баштаган биринчи күнү эле, өзү жетектеген мамлекетик мекеменин айлык маселесине кызыгып, ал жердеги жумушчулардын айлыгы аз экенин айтты.
[ads-quote-center cite=’деди Догоев.’]»Учурда иштеп жаткан IТ адистери үчүн 2 миӊ доллар аз айлык»[/ads-quote-center]Албетте, кызматына жараша кыйынчылыктар болсо ага жараша айлык болгону дурус болоор. Ошентсе да, коомчулукта 2 миӊ доллардан дагы ашык айлык алуу бул «аппетитти» билдирет дегендей сындар менен карашууда.
[ads-quote-center cite=’дейт Догоев.’]»Мамлекеттик мекемелердеги адистердин баары кетүүдө, анткени жеке компанияларда айлык акы көп. Жеке тармакта ошол эле IТ адистери эки эсе көп алып жатат. Эгер ушундай болуп жатса, бул тармакка адистерди кантип тартабыз, мамлекеттик башкаруу системасын кантип автоматташтырабыз? Чындыгында жеке тармакта 2 миӊ доллар — IТ адистери үчүн аз айлык. Мисалы, Москвадагы алдыӊкы компанияда иштеген IТ адистери саатына 500 доллар алат, бизде болсо 5 долларга да жетпей жатпайбы. Анан кантип санариптештирүүнү ишке ашырабыз?» [/ads-quote-center]Албетте, анын канчалык реалдуу экенин адистер айтканы туура болоор. Ошентсе да, Россия менен Кыргызстандын качантан бери салыштырып калганыбызды эстен чыгарбообуз керек.
Булак: «Факты.kg» гезити. №22 (22). 4-июнь, 2019-жыл.