Исламбек Матраимов кызматынан кетти

Автор -

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финансы полициясы) Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Исламбек Матраимов 22-май күнү кызматынан четтетилди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Исламбек Матраимов февраль айынан март айына чейин акы төлөнбөөчү өргүүдө жүргөн.

Бул маалыматты , ЖК депутаты Искендер Матраимов 5-каналдагы эфир учурунда журналист Али Токтакуновдун суроосуна жооп берип жатып тастыктады.

[ads-quote-center cite=’деди депутат. ‘]»Иним  Финполдон арызын жазып кетти. Эгерде керек болсо мен төраганын орун басары болгон комитеттен да кетем»[/ads-quote-center]

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» радиосу Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлардын изи аттуу изилдөө жүргүзгөн эле.

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи Матраимовдорго барып токтоду (Видео)