Исламбек Матраимов кызматынан кетти

Автор -

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финансы полициясы) Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Исламбек Матраимов 22-май күнү кызматынан четтетилди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Исламбек Матраимов февраль айынан март айына чейин акы төлөнбөөчү өргүүдө жүргөн.

Бул маалыматты , ЖК депутаты Искендер Матраимов 5-каналдагы эфир учурунда журналист Али Токтакуновдун суроосуна жооп берип жатып тастыктады.

«Иним  Финполдон арызын жазып кетти. Эгерде керек болсо мен төраганын орун басары болгон комитеттен да кетем»
деди депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» радиосу Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлардын изи аттуу изилдөө жүргүзгөн эле.

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи Матраимовдорго барып токтоду (Видео)

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү