Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун отставкага кетишин талап кылып журналисттер акцияга чыгышты.
Белгилей кетсек, Адраимов айылдагы Төмөнкү Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берип жатып, ал КТРК телеканалына гана комментарий бере турганын билдирген. Мунун себебин сураган журналистке «сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен» деп каткырып басып кетти. Эмнеге анын кебетеси жакпай жатканын тактап сураганда, «андай болгонуна мен күнөөлүү эмесмин да» деп андан ары жолун улаган.