СМЭУ башчысы Түмѳнбаев кантип байыган?

Автор -

Бишкек шаардык МАИсинин СМЭУ башкармалыгына (Специализированное монтажно-эксплуатационное управление) кѳз салган бирѳѳ жарым барбы деген суроо туулат? Мурда да бир ирет жазганбыз айлык-маяналары бооюнча.

Бул башкармалык шаардын ичиндеги светофорлорду оңдоп-түздѳѳ боюнча иш жүргүзѳт. Анчейин элге билине бербегени менен эң коррупциялашкан жана абдан майлуу-сүттүү кызмат болуп эсептелет.

Бизди кызыктырган маселе, аталган башкармалыктын башчысы Турусбек Түмѳнбаевдин кылыктары болууда. Бишкек МАИсинин имаратынан чыккан темир-тезектер кайда ташылат? Мунун дарегин билгендер барбы деги? Канттагы «Народный» дүкѳнү да ушул кишиге таандык дешет. Ошондой эле жүздѳп саналган мал-мүлкү менен сарайы да бар экен. Бул чынбы? Чын болсо кайсыл акчага? Мамлекеттин айлыгына ушунча байлык топтоого жетеби?

Булак: «Ачык саясат» гезити. №21 (364). 7-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү