Алматыда бүгүн да 20га жакын адамдар кармалды

Автор -

Бүгүн Алматыдагы Астана аянтында полиция кайрадан жарандарды кармап кетүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери аянтта жөн гана сейилдеп жүргөндүктөрүн айткан 20га жакын адамды кармап кетишти. Алар эч кандай ураандарды кыйкырбастан, тынч эле турушкан.

Учурда жүздөгөн полиция кызматкери кечээ шайлоо адилетсиз өтүп жатат деп наарызылык акциясын өткөргөн Нур-Султан шаарындагы Жаштар сарайынын алдында топтолуп турушат.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, шайлоо күнү Алматы жана Нур-Султан шаарларында «500гө жакын киши» кармалган. Укук коргоочулар 9-июнда Алматыда 400гө жакын киши кармалганын билдиришүүдө. Нур-Султанда кармалгандардын саны жүздөп саналары кабарланууда.

Бүгүн өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодо учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев жеңишке жеткенин жарыялады. Расмий маалымат боюнча ал шайлоочулардын 70,76 пайызынын добушун алды.

9-июндагы шайлоо Казакстандын жаңы тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоо болсо, алардын төртөө мөөнөтүнөн мурда өткөн. 30 жылдан бери алгачкы жолу талапкер катары экс-президент Нурсултан Назарбаев катышпаган шайлоо Алматы, Нур-Султан жана Чимкент шаарларындагы нааразылык акциялардын коштоосунда өттү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү