Президенттик шайлоо күнү Казакстанда 500дөй киши кармалды (Видео)

Автор -

Шайлоо күнү Алматы жана Нур-Султанда 500дөй киши полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев билдирди.

Журналисттер үчүн өткөн брифингде Кожаев каршылык акцияларын «радикалдуу мүнөздөгү элементтер тарабынан коомдук абалды туруксуздаштыруу аракети» деп атап, алардын катышуучулары «чагымчылдар» экенин айтты. Ал полиция мыйзам чегинде иш алып барганын кошумчалады.

Вице-министр митинг катышууларынын биринин өлгөнү тууралуу маалыматты төгүндөдү. Кожаевдин айтымында, Алматыда нааразылыкка чыкандар арасында медициналык жардам сурагандар болгон эмес, Нур-Султанда 12 киши дарыгерлерге кайрылган.

Брифингге бир нече саат калганда Кожаев эки ири шаарда жүздөй адам кармалганын кабарлаган.

Окуя болгон жердегилер тарткан видеолордо полиция бир нече адамды күч менен алып кеткенин көрүүгө болот. Алар «Бойкот», «Маскара» деп кыйкырышкан. Алматыда жагдайды чагылдырып жаткан «Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Петр Троценко да полиция бөлүмүнө жеткирилген. Нур-Султанда кабарчы Сания Тойкен эки жол кармалып, кийин бошотулган.

Бөлүшүү