12-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

12-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар жаайт. Кээ бир райондорго мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Бишкекте 12-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 23…25 градус жогору болот.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү тараткан.

Шашылыш билдирүү: Нөшөрлүү жаан жаайт

 

 

Бөлүшүү