Эт базар эмнеге талашка түштү же, Майсызов менен «Дѳѳ» Чыңгызды эмне байланыштырат

Автор -

Ѳткѳн жумада Ош базарынын ичинде жайгашкан кадимки эт базар талашка түшкѳнү маалым болду. Белгисиз адамдар эт базардын администрациясынын кеңсесине барып, ал жерде иштеген кызматкерлерди кууп чыгуугааракет кылып: Бул эт базар менин менчигим болду. Кеңсени бошоткула»,- деп ызы-чуу кылган. Ал адам милицияларга да баш бербей, албууттанып, ѳз ѳнѳрүн болушунча кѳрсѳтүүгѳ аракет кылган. Бирок ал «наглый» жигиттин колунда эт базарга ээлик кылууга акысы бар деген бир да тиешелүү кагазы жок болгон. Ошондой эле эт базардын администрациясынын тегерегине кебетесине караганда спортчу лѳкүйгѳн жигиттер да пайда болуп, алар да бир нерсеге даярданып тургандай түр кѳрсѳтүшкѳн. Бишкектин кѳпчүлүк бѳлүгүн эт менен камсыз кылып келаткан эт базар (Акиф фирмасына караштуу) эмнеге талашка түштү? Бул маселенин чоо-жайын кыскача окурмандарга түшүндүрѳлү.

300 дѳн ашуун адам иштеген бул эт базар 2000-жылдарга чейин эле, жеке менчик колго ѳткѳн. Бул базарга жалпысынан 4 адам ээлик кылат. Алардын бири Сергей Фищенко. Орусиянын жараны. Ага базардын 19 пайыз үлүшү таандык. Майсызов Исмар деген адамга 25 пайызы, үчүнчү адам Кубатбеков Каленге 31 пайызы, тѳртүнчү адам Бозбаева Кымбатка 25 пайызы таандык. Бул тѳрт адам биригип, базардын ѳзүн жана жашаган үйлѳрүн күрѳѳгѳ коюп, 2014-жылдары Росинбанктан 3 миллион доллар насыя алышкан. Ал насыянын 1 миллион 200 миң доллары эт базарды капиталдык ремонттон ѳткѳрүүгѳ сарпталган экен. Фищенко кѳбүнчѳ Орусияда болгондуктан, кѳпчүлүк ишти Майсызовдор аткарышкан. Майсызов ошол кезде эт базарды башкарып, жетекчи болуп турган. Бирок Майсызов ичтен сасып чыгып, 3 миллион доллардын (ремонтко сарпталган 1 млн. 200 миңден башкасын) 1 млн. 800 миң долларын түп орду менен жоготуп койгондугу айтылат. Мындан тышкары, Майсызов жоготуп койгон акчанын изин жашырыш үчүн, ѳзүнүн базарга ээлик кылган 25 пайыз үлүшүн, Кубатбеков, Бозбаева, Фищенконун да үлүштѳрүн башка бир адамдарга документтерди жасалма кылып сатып жиберет. Айрымдарын бул маселеде алдап жатып керектүү кагаздарга кол койдуруп алгандыгы айтылат. Фищенколор анын бул кылыгын уккан сон, анын үстүнѳн укук коргоо органдарына арыз жазат. Майсызовдун мына ушундай шылуундугунан улам, эт базардын ээси менмин деген бир нече адам улам алмак-салмак келип, бүгүнкүдѳй ызы-чууну чыгарып турууну адатка айлантып алышкан. Кыязы, ызы-чуу кылып, рейдерлик кылуу аракетин кѳргѳндѳр Майсызовдордун кишиси экендиги тууралуу да маалыматтар айтылды.

Кечээ күнкү окуя. Эт базардагы талаш-тартыш:

 Натыйжада Майсызов түрмѳгѳ олтурат. Ал азыркы учурда да N°1 СИЗОдо жатат. Олтурганына 2 жылдай болуп калса, анын иши сырдуу жагдайлардан улам сотко ѳтпѳй келет. Кыскасы, Майсызовго сот тармагында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрѳшүү кызматында «болушкан» адамдар кѳп болуп кетип, ал бул кылмыш ишинде күнѳѳлүү болбой эле, тескерисинче жабыр тартуучу болуп, Орусиянын жараны Фищенкону ушул жылдын 28-январында каматууга жетишкен экен. Бүгүнкү күндѳ Майсызов менен Фищенко экѳѳ тең камакта. Бизде мыйзамдын иштебестиги ушундай кылмыштуу иштерден улам, даана кѳрүнѳт. Орусиянын жараны Фищенко жабыр тартып жатса да, ага кѳңүл бурган эч ким жок. Ал тургай Кыргызстандагы Орусиянын элчилигине да кайрылуу жолдошкон. Бирок элчилик деле орус жараны кириптер болгон окуяга кайдыгер карап койгондой. Негизи эле бул кылмыш ишин Ак-үй, Кѳкүйдѳгүлѳрдүн баары эле билишет. Бирок мыйзамдуу түрдѳ эч ким чара кѳргүсү келбей турат. Жакында Путин ШКУнун саммитине келет. Балким Акиф фирмасынын кызматкерлери Путинге кайрылышып, ага кат жолдошот окшобойбу. Себеби, мындай практика бизде болгон. Мындан бир, эки жыл мурун Оштун Кара-Суусунан ишкерлер кайсы бир кыргыз жараны Путинге кайрылуу жасаганда, орус бийлиги ал кайрылууга кайдыгер карабай, кайсы бир деңгээлде чара кѳргѳнү маалым. Акырында Майсызов тууралуу эки ооз кеп. Майсызовдун абакта айтылуу криминал «Дѳѳ» Чыңгыз менен тамактанып олтурган сүрѳтү жакында интернетке тарады. Бул сүрѳттѳ кѳп сыр катылып тургандай. Себеби, «Дѳѳ» Чыңгыз кѳрүнгѳн эле адамдар менен чай ичишип, сүрѳткѳ түшѳ бербейт. Кыскасы, ортодо кандайдыр бир кызыкчылыктар да болушу мүмкүн. Айтор, бул жагыда алдыда ачыкталышы мүмкүн. Биз Ош базарындагы эт базардын мындай чуулгандуу окуясынан дагы да маалымат алып, коомчулукту кабардар кылып, жогорку бийликке коңгуроо кагып турмакчыбыз.

Булак: «Багыт.kg» гезити. №21 (142). 12-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү