Кыргызстандын имамдары никени эми атайын журналга катташат

Автор -
395

Кыргызстанда никелер эми атайын журналга катталат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Бүгүн муфтия Максатбек ажы Токтомушев имам Сарахси борбордук мечитинде Бишкек жана Чүй облусундагы имамдарга Нике каттоо журналын тааныштырды.

«Мусулмандардын шарияттык никеге туруусун каттоого алуу жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө. Үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана нике, талак, нафака маселелерин кеңири түшүндүрүү аркылуу ажырашуулардын алдын алуу. Өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүү үчүн нике каттоо журналы түзүлдү»
деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары нике каттооо журналы күйөө никедеги милдеттерин аткарбаган учурда аялдардын шарияттык, мүлктүк, мурастык укуктарын сакталуусун камсыздоого да жардам берет.

Имамдар жарандардын никеге тиешелүү болгон өздүк документтерин (паспортторун) талап кылат жана мыйзаммдын талаптарына жараша 18 жашка толгон жарандарга гана нике кыят. Райондун баш имамдары облустук казыяттарга, облустук казыяттар муфтиятка нике тууралуу отчет берип турушмакчы.

Журнал 3 миң нуска менен басылып чыкты. 2019-жылдын 12-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы имамамдарга окутуу иштери жүргүзүлүп, тапшырылмакчы.

Бөлүшүү