Аба ырайы: Бишкек шаарында жамгыр жаабайт

Автор -

14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29 градус болот.