Ажонун жеке сакчысы 6олуунун өзү абдан жооптуу экенин акылы барлар айттырбай түшүнөт. Антсе да Кыргызстанда уникалдуу болумуштар жүз бергенин кантип чечмелесе болот? Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жан сакчы камалды. Дамир Мусакеевдин күнөөсү кайсында? Болгону Алмазбек Атамбаевди сатпай койгондугунда экенин жамы журт көрдү.
Арийне, анын камалышын бийликтегилердин «жармасын» ичкендерден башкалары туура керген жок. Байларга окшоп байлык топтобосо да «этеги» жаман жерден жыртылып, беш жылга кесилип кетти. Деги адам тагдыры дегенге эмне үчүн маани берилбей калды ? Соттордун алачакмактаган көзүн акыры убагы келгенде ачып койчулар табылаарына шектенбей эле туралычы? Акыйкат заман орногондо баарын өзү ылгап аларына ишеним арталы.
Булак: «Ачык сөз» гезити. №22 (163). 13-июнь, 2019-жыл.