Жеңилдик дыйкандаргабы же алып сатарларгабы?

Автор -
216

Жалпыбызга белгилүү, КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков агрардык ѳлкѳбүздүн айыл чарбасын кѳтѳрүүгѳ айрыкча кѳңүл бурууга, калкыбыздын азык-түлүккѳ муктаждыгын чечүү менен ѳндүрүлгѳн продукцияларды кайрадан иштетип, жарым фабрикатка ѳткѳрүп, коңшу мамлекеттерге сатууга белсемдүү киришүүгѳ мүмкүнчүлүктѳрдү пайдаланууга чакырык таштаган эле.

Кырдаалга ылайык ЕАЭСке мүчѳлүгүндѳ ѳлкѳлѳр менен карым-катнашты күчѳтүүгѳ зор маани берилген. Негедир биздин ѳлкѳдѳ айрым жетекчилер иштин маңызын чала түшүнүшкѳнбү, же бул маселени жеке кызыкчылыктарына пайдаланууну кѳздѳшкѳнбү, болбосо бул идеяга «бут тосууга» жасалган экономикалык «шантажбы», айтор, экономика министринин орун басары Дастан Кадыровдун ишкерлерди салыктан бошотууга чыгарган чар жайыт чечими тескери кѳз караштарды пайда кылууда.

Кебибиз тѳгүн болбосун, экономика министрлиги тарабынан иштелип чыккан бул маалыматтарда «айыл чарба азыктарын (жер жемиш, жашылча) Казакстан жана башка ѳлкѳлѳргѳ ташып иштеген ишкерлер 4 түрдѳгү салыктан бошотуларына» басым жасаган. Алар кошумча нарк салыгын, сатуу жана киреше салыгын, мүлк салыгын тѳлѳѳ токтотуларын белгилейт. Азык-түлүктү ѳндүргѳн дыйкандар ушул артыкчылыктарга ээ болор-болбосу кѳмүскѳдѳгү жашыруун сырга айланган. Кудайдан корксок боло,дыйкан «жаз-жарышта, күз күрѳштѳ» жумушу кызуу жүрүп жаткан учурда талаасын таштап, соода ишин жүргүзүүгѳ бара алабы?

Мында  азык-түлүктү түздѳн-түз ѳндүргѳн дыйканга кандай пайда алып келет? Мунун сырын министрдин орун басары ѳзү чечмелеп берер. Азык-түлүктү дыйкандар маңдай тери, ак эмгеги менен ѳндүрѳт. Айыл чарба министрлиги чечкен «4 салыктан бошоткон» жеңилчиликтер ошол дыйканга пайда алып келерине акыл-эси ордундагы адамдар ишенеби? Ачык айтып, бул пикирибизди чечмелеп кѳрѳлү.

«Казакстан менен башка ѳлкѳлѳргѳ» дыйкан жерин таштап кете алышпайт, анткени дыйкан ошол алакандай жерине байланган. Келерки жылдын түшүмүнѳ бошогон аянтты кайрадан иштетип, келерки жылдын түшүмүнѳ кам кѳрѳт. Албетте,мындай шартта жерин таштап кете албайт да, ѳндүргѳн продукциясын министрлик белгилегендей чет жактарга сатып ѳткѳрүүчү чайкоочу-соодагерлерге сатууга гана мажбур болушат. Ал эми «коммерсанттар» бул даяр продукцияны эң арзан баада сатып алары калкыбызга белгилүү эмеспи. Кабинетте «кагаз жыртып отургандар» эле муну мыкты камкордук катары санашы мүмкүн.

Жогорудагы чечим айыл элинин жашоо деңгээлин кѳтѳрмѳк түгүл, кескин начарлатарын ачык айтсак болот. Ушундай чала сабат «токулган токтомдордун» кесепетинен айыл жергесинде жаштардын кѳбү шаарга качып отурушат. Урматтуу министрдин орун басары, жогорудагы жеңилчиликтер «коммерсанттарга» эмес, продукцияны ѳндүргѳн дыйкандарга берилиши керек.

Алар ѳндүргѳн айыл чарба продукцияларын мамлекеттик резерв фондусуна сатып алууга милдеттендирилип, тышкы сатыкка коммерсанттар ушул фондудан алууга тийиш. Мында азык-түлүктүн түрлѳрү жетиштүү топтолот. Мамлекет да кандайдыр бир даражада киреше табат, продукциялар жетиштүү түрдѳ сакталып, азык-түлүк коопсуздугу түзүлѳт. Эң негизгиси, дыйкан ѳндүргѳн түшүм коромжуга учурабайт жана коопсуздукка ишеним пайда болот. Ансыз айылды кѳтѳрүү программасы ишке ашпаган куру кыялга айланган утопия болуп калат.

Жер менен жеңилчиликтер — дыйканга, түшүмү — элге, мээнет-жерге! Ошондо гана аракет элибиздин бакубат турмушка таштаган кубаттуу кадамына айланат…

Булак: «13 Квартал» гезити. №13 (13). 11.06.2019.

Бөлүшүү