Көчмөндөр оюндарынын деӊгээли төмөндөдү…

Автор -
344

Калп айткан менен болобу, Көчмөндөр оюндарын экс-президент Алмазбек Атамбаев дүйнөлүк деӊгээлге көтөрүп, кыргыздын рухун бийиктеткен. Азыркы бийлик Көчмөндөр оюндарынын «эки тизгин, бир чылбырын» Түркияга кармата берип, анан Кыргызстанда жыл сайын бир облус өткөрсүн деп майдалап жиберди.

Дүйнөлүк аренага чыккан Көчмөндөр оюндарын облустун деӊгээлине түшүрдү. Эх, эмне дешти билбейсиӊ… Быйыл Талас шаарынын ипподромунда спорттук мелдештер жана «Манас-Ордо» улуттук комплексинде маданий иш-чаралар өткөрүлүп, этнобазар уюштурулмакчы.

Булак: «Фабула.kg». 14-июнь, 2019-жыл.

Бөлүшүү