Кыргыз парламентинин бедели түшүп, абийири айрандай төгүлгөнү 12-июндагы жыйынында дагы бир ирет далилденди. Өзгөчө депутат Кожобек Рыспаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө теригип, «Жогорку Кеӊешти «чимкирик» — деп жатса унчукпай отурабыз. Бул жерде «чимкириктер» эмес, элиталар отурат» — деп айтканы, коомчулуктун кыжырын келтирип, карапайым элди дүрбөттү.
Ошол замат интернет колдонуучулар тарабынан, «элиталардын» дарегине сын-пикирлер күчөдү. Көпчүлүк экс-президент чындыкты айтканын белгилеп жатышса, кээси парламенттин тарашын талап кылышууда. Учурда социалдык тармактарда, «Чимкирик парламент — кетсин!» деген чакырык ташталып, (петиция) интернет колдонуучулар тарабынан чоӊ колдоого алынууда.
Ансыз да VI-чакырылыштын депутаттары элдин купулуна толбой, нааразычылык күчөп турганда, бул чакырык жалпы эл тарабынан колдоо таап кетсе, «саясий элиталардын» сапары күзгө жетпейт көрүнөт.
Булак: «Ачык саясат» гезити. №22 (365). 14-июнь, 2019-жыл.