Аба ырайы: Күн 35 градуска чейин ысыйт

Автор -
210

18-июнда тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 31…33° болот.