Июль айында кандай аба ырайы күтүлөт? синоптиктер жооп берди

Автор -
514

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги июль айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 23…25 градусту түзөт. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 16…18 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18 градустан 20…25 градуска чейин, күндүз 25…30 градустан 32…37 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 18-23 мм, тоо этектериндеги райондордо 50-62 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында;

Абанын айлык орточо температурасы — 20…22 градус.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 11…16 градустун тегерегин түзөт. Күндүз 22…27 градустан 29…34 градуска чейин өзгөрүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (16-20 мм).

Ош, Жалал-абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында; 

Абанын орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 24…26 градус, тоо этектериндеги райондордо 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн 13…18 градустан 20…25 градуска чейин жылыйт. Күндүз 25…30 градустан 32…37 градуска чейин ысымакчы.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын (9-16 мм), тоо этектериндеги райондордо нормадан көп (27-60 мм) болушу мүмкүн.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында; 

Абанын температурасы климаттык нормага жакын болуп, 16…18 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бул айда Ысык-Көлдө абанын температурасы түнкүсүн 10…15 градус жылып, күндүз 16…21 градустан 24…29 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу божомолдонууда (30-45 мм, чыгышында 60-81 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында; 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 16…18 градус жылуу болот деп айтылууда.

Күндүн табы түнкүсүн 6…11 градус, күндүз 16…21 градустан 24…27ге чейин жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болмокчу (24-41 мм).