Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жоголуп кеткен беш жаштагы баланы таап беришти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 15-июнда болжол менен саат 20:45те Октябрь райондук ИИБге 2004-жылы туулган И. Б Көк-Жар кичи районундагы үйлөрдүн биринен чыгып кетип жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча токтоосуз түрдө окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып активдүү издөө иштери башталган. Бир сааттын аралыгында дайынсыз жоголгон И. Б. табылып, ата-энесине берилди.