Бишкек шаарында жоголгон 5 жаштагы бала табылды (Видео)

Автор -

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жоголуп кеткен беш жаштагы баланы таап беришти.  Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 15-июнда болжол менен саат 20:45те Октябрь райондук ИИБге 2004-жылы туулган И. Б  Көк-Жар кичи районундагы үйлөрдүн биринен чыгып кетип жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча токтоосуз түрдө окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып активдүү издөө иштери башталган. Бир сааттын аралыгында дайынсыз жоголгон И. Б. табылып, ата-энесине берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү