Чалдовар айылындагы массалык мушташтан 5 бала жаракат алды

Автор -

Чүй облусундагы Чалдовар айылында массалык мушташуу болуп, андан 5 бала жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 16-июнда түнү 00:30 чамасында уландардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, мушташа кетишкен.

Мушташтан 18 жаштагы К. А., К. Н., А.С., 17 жаштагы А.А. жана К. А. денесинен жаракат алган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» жана «денеге оор залака келтирүү» беренеси боюнча катталды.

Андан тышкары, мушташты баштаган 19 жаштагы Т. Б. жана Б. Д. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга камалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү