20-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

20-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтсө, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 31…33° болот.

Бөлүшүү