Атамдын кумарчы болгону бактыма балта чабабы? — кеӊеш бериӊиздер

Автор -

Мен бир үйдүн кѳзгѳ басар жалгыз кызымын, апам менден кийин эки уул тѳрѳп, ошо менен тѳрѳтүн токтоткон экен. Кичи райондордун биринде ѳзүбүздүн эки бѳлмѳлүү батирибизде жашап, атам менен апам азык-түлүк саткан дүкѳн иштетишчү. Андыктан каалаган таттуубузду жеп, акча-тыйындан кем болбой жетиштүү чоңойдук. Балким, атамдын кетирген катасы бүтүндѳй үй-бүлѳгѳ муш болуп тийбегенде мындан ары деле санаасыз жашоодо жашамак белек дейм. Биз кичирээк кезде үйүбүз кулкүгѳ толуп, шаттыкка бѳлѳнүп турчу. Атам дүкѳндү кеч жаап, үйгѳ бутун сүйрѳп келсе да бизди эркелетип,ар бирибизди мойнуна мингизип ойнотмоюн жатчу эмес. Бул жакшы адат бара-бара калып баратты. Кайсы кара баскан күнү атам жаза басып жанылды деп азыркыга чейин башым катат.

Кээде жумуштан үйгѳ апам жалгыз келип, атамдын жумуштары чыгып калганын айтып үшкүрүнүп отуруп калчу. Аны күткѳндѳн майнап чыкпасын түшүнүп түн жарымында араң түңүлүп уйкуга кетчүбүз. Эмнегедир акыркы күндѳрү атамдын таңга жуук келмейи, апам экѳѳ бѳлмѳсүндѳ күнкүлдѳшүп урушканы кѳбѳйдү. Андайда апам кѳзү шишигиче ыйлап, күнү бою кѳңүлсүз жүрүп, атам түнѳрүп сүйлѳбѳй үйдү кара булут каптап турчу. Балалык сезим менен окуянын тамыры кайда жатканын деле аңдай алган жокмун. Бир билгеним, кѳп ѳтпѳй апам «дүкѳндү саттык, эми соода кылбайбыз» деди. Анда деле, балким, бул кѳп кабаттуу үйдѳн кѳчүп, чоң үй алат окшойбуз деп ойлоптурмун. Жок, андай да болгон жок. Дүкѳндү саткандан кийин апам колуна тийген кара жумушта, атам курулушта иштеп калды. Жашообуз кадимкидей ѳп-чап тартып, мурдагыдай каалаган тамагыбызды жей албай калдык. Үйүбүздѳ уруш мурдагыдан да куч ала берди. Атамдын кыйкырып, сѳгүнгѳнүн буга чейин укпаган жаным ѳзүмчѳ чүн-чүп жаман абалда жүрдүм.

Кезектеги уруштан кѳп ѳтпѳй апам мени маңдайына отургузуп алып:

— Кыял, атаң экѳѳбүз кыйналып бүттүк. Жумуш оор, айлык аз. Силер болсо күн сайын чоңоюп келатасыңар. Бул жактан иштеп силерди бага албай калдык окшойт. Карызыбыз да башыбыздан ашты. Үйдү сатып, атаң экѳѳбүз Орусияга иштеп келели, — деди.

— Бизчи?- дедим кѳзүм алайып. Балалык туюмум менен жамандыкты сезип аттым.

— Силер айылда таенеңердикинде жашап турасыңар. Таякең ошол жактагы мектепке сүйлѳшүп коюптур. Атаң экѳѳбүз иштеп келсек, кайра баары мурдагыдай болот. Акылдуу кызсын, чоңоюп калбадыңбы , инилериңди… — деп келатканда апамдын сѳзүн укпай ордуман туруп жѳнѳдүм. Тѳшѳгүмѳ чүмкѳнүп алып ыйлап аттым…

Таенем алыскы Нарында жашачу. Ѳзүнүн мүнѳзү ошондойбу же атама ичи жылычу эмеспи, жайында биз барганда күлүмүш эткени менен чыртыйган кабагы же биротоло бүркѳлбѳй же ачылып кетпей түшүнүксүз мүнѳзү менен тосуп алчу. Жарым айга араң чыдап, анан апамдын кулак-мээсин жеп атып шаарга кеткиче шашчубуз. Бул жолу мага жагымсыз үйдѳ кѳпкѳ кала турганыбызды мойнума албаска аргам жок эле. Бизди таштап атам менен апамдын карааны короодон узап кеткиче терезеден кѳзүмдү албай, жашымды тыя албай тиктеп турдум. Ичимен атама таарынычым чоң эле. Эмне себептен жашап жаткам үйүбүздү сатып, бул жашоого туш болуп калганыбызды аңдап толук түшүнбѳсѳм да ага атам себепкер экенин жүрѳгүм сезип турду. Ал кезде мен, болгону, 8-класста окуп жаткан элем. Азаптуу күндѳрүм дароо эле башталды. Таенем «тирүүлѳй жетим калтырды, эрин ээрчип кетпей бул жактан деле жанын бакпайт беле»деп күңкүлдѳп калганын кулагым чалчу.

Кѳрсѳ, атам кумар оюндарына башы малынып, аягында иштетип аткан дүкѳндү алдырып койгон экен. Анда да карызынан толук кутула албай, казинодогулар атамды «процентке» отургузуп коюшат. Анда деле илең-салаң болуп тѳлѳбѳй жүргѳн учурда кимдир бирѳѳлѳр апамды жумушунан тосуп алып мойнуна бычак такап коркутушканда үйдү сатууга аргасыз болушуптур. Муну мен кийин таажеңемден уктум. Кѳп ѳтпѳй апама болгон кусалыгым кыйнай баштады. Бир жактан инилерим апалап ыйлаган кезде аларга кошулуп менин да кѳз жашым буурчактап куюлчу. Сабактан келгенде ноолунун кырына отуруп алып чоң жолго кѳзүм тешилгиче тигилчүмүн. Ал кезде маал-маалы менен каттаган автобустун биринен апам түшүп калчудай туюлчу.

— Жумшап да кѳндүрүшпѳй таза ак кол кылып бүтүрүптүр буларды. Ай, кыз, тур, кѳң сындырып кел. Жеңендин колу баладан бошобой атат,- дегенде баягы таттуу кыялым үзүлүп кире бериште турган чаканы кѳздѳй жѳнѳйм. Кээде таенемдин ачуу сѳзүнѳ арданып кѳңдүн арасына жашынып алып ыйлаган күндѳрүм болду. Кирип келгенде кызарып калган кѳздѳрүмдү байкап бир аз жумшарып калар эле.

Ошентип бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде алаксып күндѳр ѳтѳ берди. Орусияга иштегени кеткен атамдар ал жактан эмне жумуш кылып атканын ийне-жибине чейин сураганым жок. Жарым жылдан кийин биздин кийим-кечеге деп акча, таттууларды сала башташты. Кээде ошол белектери менен кошо апамдын жыты, жылуу илеби келгенсип кѳңүлүм топук тартып калчу. Күндѳр айга, айлар жылга алмашып орто мектепти аяктадым. Инилерим да чоңоюп бой тартып калышты. Атамдардын болсо «дагы иштеп туралы, карыздардан кутулуп калдык, эми үй алалы. Силерди да окутуш керек…» деп келе турчу түрү жок. Бирок ушул күнгѳ чейин атам кумар оюндарына канча акча уттуруп, канча карыз болгонун билбеген, толук түшүнбѳгүн бойдон калдым.

Шаарга келип ата-энемдин кеңеши, дем-күчү менен борбордогу мыкты делген окуу жайлардын бирине тапшырдым. Бул жакта жалаң байдын балдары окушат экен. Унаа минип, айрымдары ошонусуна чиренип мен сыяктууларды теңине алышпайт. Атамдар мага унаа алып бере албаса да кийген кийимимди алардыкынан кем кылбай, окуумдун акысын убагында тѳлѳп, эч нерседен кем кылбай маал-маалы менен акча салып окутуп атышты. 4-курстан биздин группага сырттан бир бала келип которулду.

Уландын сырткы келбетинен, ѳзүн алып жүргѳнүнѳн улам бардар жердин баласы го деп боолголодум. Бирок «бул да бир кѳпкѳн неменин баласы да» деген ойду жокко чыгара турган карапайым, шайыр мүнѳзү бар экен. Экѳѳбүздүн жылдызыбыз келишип, тил табышып кеттик. Сабактан чыгып сейилдѳѳнү, бирге тамактанууну адатка айландырдык. Жылуу кѳз карашыбыз чагылыша түшкѳнү болбосо, ашыкча кеткен жок. Жарым жылдан кийин гана сезимдерин билдирди. Жан дилим менен кабыл алдым. Менин ордумда кайсы кыз болсо да Уландай жигиттин сүйүктүүсү болгонуна сүйүнмѳк.

Ошентип экѳѳбүз кыз-жигит болуп калдык. Сүйүүгѳ мас болуп жүргѳн күндѳрдүн биринде Улан:

— Жаным, буюрса, окуубузду бүтсѳк эле үйлѳнѳбүз. Ата-энем «кандай келин бул үйгѳ келерин азыртан билип коёлу» деп атышат. Тааныштырып коёюн, жүрү, үйгѳ,- деди.

Мындай бурулушка даяр эмес элем. Кѳңүлүн кыйбай макул болдум. Үйүнѳ жетип,короосуна киргенде кѳңүлүм мурдагыдан да чѳктү. Анткени заңгыраган эки кабат үйдѳ турган адамдар менин карапайым ата-энемди теңине алабы деген кудук ой тынчтык берген жок. Ички туюмум алдабаптыр. Уландын ата-энеси сыр бербей жылмайып тосуп алганы менен ата-энем чет жакта иштеп жүргѳнүн, эки иним айылда тайларынын колунда тарбияланып жатканын укканда атасынын кабагы кирдей түшкѳнүн сездим. Чоо-жайымды сыртынан угуп эле иренжип атышат. Ата-энем менен жакындан таанышып, атамдын кумарчы болгонун, сызга отуруп азыркыга чейин башы карыздан чыкпай жүргѳнүн, башы менен жер казып иштесе да үй ала албай атканын билсе кантет? Анда баласына жолотпой жолума салары талашсыз. Мен болсо Уландан ажырагым келбейт. Аны чын жүрѳгүмѳн сүйѳм.

Күтүү, кусалык менен ѳткѳн балалыгымдын суук күндѳрү эми гана анын мамилеси менен жылып келатканда айрылганы турам. Же чындыкты мойнума алганым оңбу? Кандай кылсам туура болот? Алар менен жашоомду билгенге чейин эле ѳзүм болгонун болгондой айтып берсемби? Бекеринен элибиз «тең теңи менен» дебесе керек…

Булак: «Леди.kg» гезити. 18-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү